Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Ошто атайын балдар бакчасы курулууда


Оштогу «Балдардын саламаттыгын жакшыртуу» борборунун аймагында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ыңгайлаштырылган бакча курулууда. Мындай кабарды «Келечек + Хелспром» коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, майып балдарга ыңгайлаштырылган бала бакчаны курууга керектүү каражат демөөрчүлөрдөн жана бейөкмөт уюмдарынан топтолууда.

«Келечек + Хелспром» коомдук фонду бакчанын курулушуна кетүүчү каражаттарды топтоо үчүн атайын «Чек арасыз балдар бакчалары» аттуу долбоорду уюштурушкан. Бул долбоорго ылайык буга чейин Бишкек жана Каракол шаарларында төрт атайын бала бакча курулган. (YI)

XS
SM
MD
LG