Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:17

Кабул "Талибан" менен азырынча сүйлөшпөйт


Ооган президенти Ашраф Гани. Кабул, 17-июль, 2015.

Ооган президенти Ашраф Гани. Кабул, 17-июль, 2015.

Ооган өкмөтү кол башчы тандоодо ич ара талашып жаткан "Талибан" кыймылы менен азыр эч кандай сүйлөшүүгө барбай турганын билдирди. Президент Ашраф Ганинин маалымат кызматы "Талибанга" ишара кылуу менен расмий Кабул ооган өкмөтүнө каршы турган "параллель саясий түзүмдү" кабыл албасын маалымдады.

Ооган өкмөтү менен "Талибан" ортосунда башталган тынчтык сүйлөшүүлөрү аз күн мурда кыймылдын башчысы молдо Омар эки жыл мурда өлгөнү тастыкталган соң үзгүлтүккө учураган. Кыймыл молдо Омардын ордуна Ахтар Мансур шайланганын кабарлаган. Бирок Омардын жакындары ага каршылык билдирип, жетекчи тандоого талаа командирлерин да катыштырууну талап кылган.

"Талибан" болсо соңку күндөрдө бир канча билдирүү жасап, кыймыл лидери боюнча талаш жоктугун жеткирүүгө тырышып келет. Кыймылдын 3-августта тараткан маалымдамасында да молдо Омар өлгөнүнө көңүл, молдо Мансур жетекчи болгонуна куттук айтылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG