Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

Чек ара жаңжалынан жабыркаган төрт адам ооруканада


Баткендеги чек ара жаңжалы учурунда жабыркаган кыргызстандык төрт жаран облустук ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Залкар Бекмуратов билдирди. Анын айтымында, кайрылгандардын экөөнүн баш мээси чайкалган, экөө жеңил жаракат алышкан.

Баткен районунун Көк-Таш айылы менен Тажикстандын Чорку айылы чектешкен аймакта 3-августта кыргыз жана тажик жарандары жаңжалдашкан.

Ага бир топ күн мурун Тажикстан Көк-Таш айылынын көрүстөнүнө барчу жолду жаап салганына нааразы болуп кыргыз жарандары тажик айылына кеткен сууну бууганы себеп болгон.

Расмий маалымат боюнча, чектеш аймакка эки тараптан кошулуп, 200дөй адам чогулган. Алар бири-бирине таш ыргытып, Кыргызстан тараптагы төрт үйдүн айнектери жана шыйпырлары сынган.

Учурда топтолгон эле тарап, күч кызматтары абалды көзөмөлдөөдө. (MTo/JsA)

XS
SM
MD
LG