Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:09

Ленин кылчокусунда орусиялык үч альпинист набыт болду


Кыргызстандын түштүгүндөгү Ленин кылчокусунан түшүп келатып Паша Марковских, Илья Поселяничев жана Сергей Шпиз аттуу Орусиянын жарандары набыт болушкан.

Орусиялык “МАИ” альпинисттик клубунун маалыматы боюнча, окуя 30-июлда болгон. Учурда альпинисттердин сөөктөрү Ош шаарына жеткирилип, Москвага жөнөтүүгө даярдалууда.

Бул кырсыктан аз илгерээк Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабы 3-июлда Ленин кылчокусуна чыгып баратып каза болгон АКШ жараны Зиверд Эндрювдун сөөгү 4650 метр бийиктиктен табылганын ырастаган.

Ленин кылчокусу деңиз деңгээлинен 7134 метр бийиктикте Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы Памир тоо кыркасында жайгашкан. Кылчоку биринчи жолу 1928-жылы багындырылган. (LzT)

XS
SM
MD
LG