Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

Пакистан эл аралык уюмдар коргогон жигитти өлүм жазасына тартты


Шафкат Хусейн өлүм жазасына бүгүн таңда тартылганын анын туугандары жана түрмө кызматкерлери ырасташты. Ал 2004-жылы баланы өлтүргөнү үчүн соттолгон.

Актоочулар Шафкат Хусейн кылмыш жоопкерчилигине тартылган кезде 14 жашта экенин, күнөөнү кыйноо аркылуу моюнга алдырышканын билдиришкен.

Пакистан бийликтери бул дооматтарды четке кагып, бирок Шафкат Хусейнге чыгарылган өкүмдү ишке ашыруу эларалык укук коргоо уюмдарынын жана БУУнун каршылыгынан улам буга чейин төрт ирет кийинкиге калтырылган.

Пакистан өлүм жазасы боюнча өкүмдөрдү аткарууга киргизилген мораторийди былтыр декабрда токтоткондон бери өлкөдө 180 айыпкер дарга асылды. (UE)

XS
SM
MD
LG