Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:16

Нарындын Орто-Саз айылын сел каптады


3-августта түнкү саат 22 кийин нөшөрлөп жааган жаандан Нарын районунун Орто-Саз айылында сел жүргөн.

Сел Кара-Коо коктусундагы мал сарайдын жанында жыйылган 4 тонна чөптү толугу менен агызып, Нарын-Ийри-Суу унаа жол аркылуу 20 турак жайды каптап, 5 үйдүн жертөлөлөрүн чайкаган. Бала бакчанын короосун сел каптаган.

Учурда ӨКМдин жергиликтүү куткаруучулары, айылдык ыктыярчылар жана райондук жарандык коргонуу комиссиясы биргелешип селдин кесепеттерин жоюшту. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG