Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:19

Таш-Көмүрдө 45 жаштагы кишинин өлүмүнө шектүү аял камалды


Шаардын Юлдашев көчөсүнүн тургуну, 42 жаштагы аял киши колдуу болгон адамдын өлүмүнө шектүү катары камакка алынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2-август күнү кечинде Таш-Көмүр шаарынын тургуну, 45 жаштагы Абдыкалы Кадыровдун бычак сайылган жансыз денеси өз үйүндө табылган. Милициянын иликтөө иштеринин натыйжасында, ошол күнү маркум менен бирге спирт ичимдиктерин ичкен аял кармалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Бул багытта КЖКнин 97-беренесине ылайык кылмыш иши ачылды. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG