Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:06

Казак президенти Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү келишимине кол койду


Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине киришин макулдаган нотага 4-августта кол койгонун кыргыз өкмөтүнөн кабарлашты. Коңшу өлкөнүн Сенаты документти 9-июлда ратификациялаган эле.

Мурдараак бул келишимге Орусиянын, Беларустун жана Армениянын депутаттары менен мамлекет башчылары макулдугун берген.

Кыргызстандын биримдикке мүчө болуп, анын алкагында иш жүргүзө баштоочу күнү азырынча так айтыла элек.

Айрым серепчилер Кыргызстандын биримдикке киришине экономикалыкка караганда саясий кызыкчылык көбүрөөк болгонун белгилешет. Алардын ырасташынча, евразиялык интеграциядан Кыргызстандагы чакан ишкерлик жабыркайт. Базарларды Орусия менен Казакстандын товарлары каптап, жергиликтүү өндүрүшчүлөр үчүн терс таасир тийгизиши мүмкүн. (SE)

XS
SM
MD
LG