Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

Кыргыз-тажик чегинде түн тынч өттү


Эки күндөн бери курч абалда турган кыргыз-тажик чек арасында бүгүн түн тынч өттү. Бул тууралуу Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 4-август күнү эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин топтолгондор тарап кетишти. Сүйлөшүүлөр бүгүн да уланат. Мамлекеттик чек ара кызматы абал дыкат көзөмөлдө экендигин билдирди.

Баткендин Тажикстан менен чектеш Май аймагында кыргызстандык жана тажикстандык жарандар топтолуп, эки күндөн бери жер жана суу маселесине байланыштуу жаңжалдашып жаткан эле. Таш атышуу болуп, Көк-Таш айылындагы үйлөргө зыян тийген. Эки тараптан тең жабыркагандар болгон.

Бир топ күн мурун Тажикстан Көк-Таш айылынын көрүстөнүнө барчу жолду жаап салганына нааразы болуп кыргыз жарандары тажик айылына кеткен сууну бууган. (SE)

XS
SM
MD
LG