Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:16

Орусияда аялы менен алты баласынын өлүмүнө шектүү жаран кармалды


Полиция алты баласын жана жубайын өлтүргөн деген шек менен Олег Белов аттуу жаранды Нижний Новгород шаарында колго түшүрдү. Орусиянын Ички иштер министрлиги тараткан кабарга ылайык, балдар менен аялдын сөөгү шейшемби күнү өздөрү жашаган үйдөн табылган. Аял дагы кош бойлуу экени айтылууда.

Маркум балдардын айрымдары барып жүргөн бала бакчанын тарбиячылары алар 25-июлдан бери көрүнбөй калганын күч органдарына кабарлашкан.

Коңшулары бир нече күн мурун үй ээси Олег Белов белгисиз жакка кеткен бойдон кайрылып келбегенин билдиришкен.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG