Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:30

Баткендин Көк-Таш айылы тынч


Баткен облусунун кыргыз-тажик чегиндеги жаңжал чыккан Көк-Таш айылы бүгүн тынч. Мындай маалыматты 5-августта Кыргызстандын Чек ара кызматы таратты.

Учурда чек ара, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Жаңжал болгон 3-4-август күндөрү Баткендеги ооруканаларга түрдүү жаракат менен жети жаран кайрылышкан. Аларга тиешелүү медициналык көмөк көрсөтүлдү.

Бир топ күн мурун Тажикстан тургундары Көк-Таш айылынын көрүстөнүнө барчу жолду жаап салышканына нааразы кыргыз жарандары тажик айылына кеткен сууну бууп ташташкан. Жаңжал эки тараптын нааразылыгынан чыккан. (МТо)

XS
SM
MD
LG