Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:27

Батыровдун байлыгынын жаңжалы


Кадыржан Батыров
Кадыржан Батыров

Мындан тогуз жыл илгери Кадыржан Батыровдун жерин жана батирлерин ээлеп алган жарандар эми аны мыйзамдуу негизде менчиктештирүүнү талап кылышууда.

Жалал-Абаддагы облустук акимчиликтин кичи жыйындар залында, 4-августта өткөн жолугушуу ызы-чуу менен башталды. Жыйынга чогулган отуздан ашуун жаран 2006-жылы басып алган үйлөрүн жана жерлерин мыйзамдаштырууну Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчилигинен талап кылышты. Алардын бири Бактыгүл Алиева буларды айтты:

- Кадыржан Батыров 2006-жылы депутат болуп турганда өзбек тилине статус сураган эле. Ошондо бир топ ызы-чуу жаралып, 300 ашуун адам Батыровдун жерлерин жана 52 батирлүү көп кабаттуу үйүн басып алган. Андан бери сот иштери созулуп ушул кезге чейин чечилбей келүүдө. 2010-жылы кандуу калаба чыгып, Батыров соттолуп, анын мүлкү мамлекетке кайтарылган. 2014-жылы июль айында өкмөттүн токтому менен алар улутташтырылып, азыр "Элдик" деген ишканага өткөрүлүп берилди. Эми ушул жарандардын маселесин бул ишканабы же Мүлк фонду чечеби, карап бүтүрүп бергиле. Качанга чейин ушундай кылып жүрө беребиз.

К. Батыровдун Жалал-Абаддагы мүлкү
К. Батыровдун Жалал-Абаддагы мүлкү

Жалал-Абад шаарына жана Сузак районуна караган таш талкалоочу жана асфальт заводу жайгашкан 45 гектар жерди 800 ашуун тургун 2006-жылы басып алып, алардын 200 турак жайларын мыйзамдаштырууга үлгүргөн, калган жашоочулар менчик укугуна ээ болуша элек.

"Жаңы куруучулар " коомунун төрайымы Базаргүл Искенажиева К. Батыровго жакын адамдар жашоого мүмкүнчүлүк бербей жатышканын айтты:

- Ошол жерге барып, бул "Вацеттин" жери, беш документи бар деп үйдөн кууп жибергенге аракет кылып жатышат. Дагы бир маселе, жашагандардын эч жерде каттоосу жок, утурумдук каттоого да эч ким албай жатат. Ошол себептүү балдарга жөлөк пул да чыккан эмес. Эртең шайлоодо кайсыл жерге барып кантип добуш беребиз, балдарыбыз кайда барып, кайсыл мектепке окуйт. Ушул маселелерди чечип берсеңиздер.

Июнь окуясына күнөөлүү деп табылып, сот аркылуу сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыровго тиешелүү 28 объекттин баары мамлекет карамагына өткөрүлгөн. Өткөн жылда өкмөттүн токтомуна ылайык ал мүлктөр улутташтырылып, "Элдик" ишканага өткөрүлгөн.

Кадыржан Батыровго тиешелүү мүлк
Кадыржан Батыровго тиешелүү мүлк

Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасынын орун басары Азамат Абдубеков жашоочулар көтөрүп жаткан маселе чечиле турганын айтты:

- Менчиктештирүүнү шаардык мэрия чечет. Эгерде шаар бийлигинен же шаардык кеңештен бизге бергиле деп токтом чыкса, биз өткөрүп беребиз. Аны шаар бийлигинин турак жай боюнча комиссиясы карап, муктаждарга бөлүп бериши керек. Эгер алардын чечими болбосо, Мамлекеттик мүлкфонду бөлүп бере албайт.

Экс-президент Курманбек Бакиевге тиешелүү Жалал-Абад шаарындагы 11 объект да 2012-жылы улутташтырылган. Алардын катарындагы "Возрождение" тигүү цехинин имаратын балдардын спорт мектебине өткөрүп берүү сунушу ушул күнгө чейин аткарылбай жатканын шаар тургуну Ашым Чотоев белгилейт:

- Бул маселе эки жылдан бери айтылып келатканы менен чечилбей жатат. Ошол жерде балдарыбыз спорт менен машыкса кандай жакшы болмок. Облустук администрация, өкмөткө чейин кат жолдодук жана эки соттон чечим чыгарып келдик. Бирок ушул күнгө чейин кайсы бир кызыкдар адамдардын арты менен ал имарат спорт комплекс үчүн берилбей жатат. Эгер андай болбосо биз талкалап, алчусун алып кетебиз.

Жыйын соңунда жашоочулар Мамлекеттик мүлк фонду менен бул багытта биргеликте иш алып барууга бир кишини дайындашты. Бирок ошол эле кезде бул мүлктөрдү эл аралык "Вацет" компаниясы да Кадыржан Батыровдун карыздары үчүн талашып, азыр ал Жогорку Сотто каралып жатат. Компаниянын өкүлү Анарбай Орозов мүлктөрдү сот камакка алганын айтып, сот иштери бүтмөйүнчө мамлекет иштете албастыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG