Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:58

Жалал-Абадда сүрөт сүйүүчүлөрүнүн акциясы өтөт


Шаардын борбордук аянтында 15-августта адис фотограф жана сүрөт тартууга кызыккандар үчүн “Сушка” акциясы өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык мэриянын жаштар комитетинин төрагасы Айбек Жолборсов билдирди.

“Иш-чарага катышкан ар бир жаран бир сүрөт ала келип, ал көргөзмөгө коюлат. Көрүүчүлөр жактырган сүрөтүнө илмек менен белги коюп кетишет. Кимдин сүрөтү көп илмек топтосо жеңүүчү аталып, сыйлыктарга ээ болот”, - деди Жолборсов.

«Сушка» – бул фото сүрөт алмашуу үчүн уюштурулган эл аралык акция, долбоор алгач ирет 2010 - жылы Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн. Андан бери Орусиянын 100дөн ашуун шаарларында уюштурулуп, 45 миң катышуучуну камтыган. Учурда Сушка – фотокыймыл жана дүйнө жүзүндөгү көптөгөн улуттарды бириктирген жарандык бирикме. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG