Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

“Роснефть” башчысы Орусияда бензин тартыштыгы болорун эскертүүдө


Путин менен Сечин
Путин менен Сечин

Орусия президенти Владмир Путинге жазган катында "Роснефть" ишканасынын президенти Игорь Сечин 1-январдан тарта киргизилген салыктардын шарттарын “талкалоочу” деп атаган. Анын айтуусунда, эгер мамлекет кошумча жеңилдиктерди киргизбесе, 2017-жылга карай Орусияда жылына беш миллион тоннага чейин күйүүчү май тартыштыгы болот. Сечиндин каты тууралуу РБК маалымат агенттиги маалымдады.

Мунай тармагына тиешелүү “салык шарттары” боюнча мыйзамга өткөн жылы ноябрда кол коюлган. Ага ылайык, бензинди экспорттоодо алынып келген салыктардын жүгү кен байлыктарды казып алуудагы салыктардын үстүнө которулган. Буга байланыштуу компаниялар мунайды кайра иштетүүнү эмес, чийки затты экспортко сатууну артык көрүп жатышканы айтылууда.

Бул Сечиндин жаңы салык шарттары боюнча Путинге биринчи эле жолку кайрылуусу эмес. Жыл башында да Сечин бензин кымбаттап, тартыштык болушу мүмкүн экенин эскерткен.

Орусиянын статистикалык комитети июнь айында бензин 10,5 % кымбаттаганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG