Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:59

“Азаттыктын” Оштогу кабарчысы сабалды


“Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаковду белгисиз эки адам сабап кетти.

Кабарчыбыздын айтуусунда, ал түшкү сaат бир жарымда Оштун борбордук Ленин көчөсү менен жумушка келе жаткан. Ошол маалда алдынан үч машине тороп, жолдон үйлөнүп жаткан жаштар өтөөрүн айтып, четке чыгууну талап кылышкан.

Журналист жолдон чыкпасын айтканда эки киши аны сабап кирген. Учурда журналисттин абалы канааттандырарлык, милицияга арыз жазып, медициналык кароодон өтүп жатат.

Журналистти ургандардын бири өзүн "шаардык прокуратурада иштеген Улукбек Өмүрзаковдун өкүл баласымын" деп тааныштырган. Кол салгандар журналист аларды видеого тарта баштаганда качып кетишкен.

Ош ШИИБинин маалымат кызматкери Замир Сыдыков бул иштен кабардар экенин жана териштирүү башталганын билдирди. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG