Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:46

Болгария Хоменюкту Кыргызстанга береби?


Кумтөрдүн жумушчулары
Кумтөрдүн жумушчулары

Башкы прокуратура Софияда кармалган Centerrа Gold компаниясынын мурдагы башкы директору Леонардо Хоменюкту Кыргызстанга өткөрүп берүү өтүнүчү менен Болгарияга кайрылды.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Centerrа Gold компаниясынын мурдагы башкы директору Леонардо Хоменюкту Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча айыптап, былтыр 2014-жылдын сентябрь айынан тарта издөөгө алган.

Интерпол аркылуу издөө жарыяланган Хоменюк үстүбүздөгү жылдын 27-июль күнү Болгарияда кармалып, 30 күнгө камалды. Башкы прокуратуранын маалымат жана коомчулук байланыш бөлүмүнүн прокурору Нурлан Тагаев аны Кыргызстанга алып келүү боюнча Болгарияга тийиштүү документтер жөнөтүлгөнүн “Азаттыкка” билдирди.

- Башкы прокуратура тарабынан Болгарияга аны экстрадициялоо боюнча тийиштүү документтер жөнөтүлдү. Алар бүгүнкү күндө ошол документтерди карап жатышат. Бул киши коррупцияга шериктеш болгон деп айыпталып жатат.

Бул арада Centerrа Gold компаниясы мурдагы башкы директорунун Болгарияда кармалышы боюнча билдирүү таратып, Хоменюк Кумтөр долбоорунун 2003-2004-жылдардагы реструктуризациясына байланыштуу айыпталып жатканын, бирок компания кыргыз бийликтеринен алар койгон дооматтарга негиз боло турган далилдерди азыркыга чейин ала албаганын айтып чыкты.

Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Мурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун айтуусунда, Кумтөр боюнча 2003-2004-жылы түзүлгөн кыянат келишимге ылайык, Кыргызстандын 67 пайыз үлүшү 33 пайызга алмаштырылган. Экс-президент Аскар Акаевдин учурунда ишке ашкан бул келишимге каршы чыккан айрым депутаттар тобун ошол учурда Кумтөр долбоорун башкарып турган Леонардо Хаменюк парламент залында кадимкидей эле зекип кеткенин Шыкмаматов мындайча эскерет.

- "Центеррадан" “эмне үчүн 67 пайызды 33 пайызга алмаштырып жатасыңар, эмне үчүн ушундай келишимдерди жасап жатасыңар?” деп депутаттардын тобу чыккан. Хоменюк бизге жийиркенгенсип карап, парламентарийлерди зекип, “силер эмнени чечесиңер, эмне көтөрүп жатасыңар, эмнеге мени чакырып жатасыңар!” дегенсип, бизди демитип басып кетип калган. Эми анда Аскар Акаевдин бийлиги болчу да. Хоменюктун бул жерде тиешеси түздөн түз десек болот. Анын күнөөсү эмнеде? Ал пара берген. Пара берип туруп, үлүштү азыркы "Центеррага" сатып, аферанын башында турган.

Шыкмаматовдун пикиринде, Хоменюкту Кыргызстанга алып келүү мүмкүн эмес. Анткени Кыргызстан менен Болгариянын ортосунда кимдин бирөөнү экстрадициялоо боюнча келишимдер жок.

Хоменюктун күнөөсү эмнеде? Ал пара берген. Пара берип туруп, үлүштү азыркы "Центеррага" сатып, аферанын башында турган.
Алмамбет Шыкмаматов

- Болгария менен биздин келишим жок. Ал Интерполдо издөөдө жүргөн үчүн компьютеринен чыгып калды да. Анан кармашты. Эми отуз күнгө чейин териштирүү болот. Алардын адвокаттары келет. Ошентип он чакты күндөн кийин Хоменюк чыгып кетерине мен ишенем.

Ушул тапта "Центерра" да Кумтөр боюнча 2009-жылкы келишимдер күчүндө экендигин эскертип, ага ылайык долбоорго тийиштүү кандай гана талаштуу маселе болбосун ал эл аралык арбитраждык сот менен чечилерин эскертүүдө.

“Кыргызалтын” ишканасынын мурдагы жетекчиси Токон Мамытовдун маалымдашынча, ушул тапта "Центерранын" жана Хоменюктун адвокаттары бул келишимге таянып, талаш маселени Кыргызстанда эмес, Стокгольмдогу эл аралык сотто англо-саксон мыйзамдарынын негизинде чечүү аракетин көрүп жатат.

Кыргызстан 2009-жылкы тынчтык келишинин алкагында юридикалык иммунитеттен баш тартып, өзүнүн колун өзү байлап койгондугу өкүнүчтүү болгондугун белгилейт Токон Мамытов.

Токон Мамытов
Токон Мамытов

- Чынында ушундай документтерге 2009-жылы бийлик өкүлдөрү кол коюп, токтомдор менен бекитип койгон. Жөнөкөй тил менен айтканда, моюнубузга жип салып, кыргызды кайсы сотко алып барсаңар дагы ошол жерде “маа” деп жооп беребиз деп, ошондой иштер жасалган. Бирок бул жерде дагы бир нерсе бар. Ошону пайдалануу керек. Ошол келишимдердин баарында эле көрсөтүлгөн. Эгерде экологиялык, геотехникалык мыйзам бузуулар болсо, ал адамдын ден соолугуна зыян келтирсе, анда биз ошолор боюнча маселени көтөргөнгө укуктуубуз деген бир пункт бар. Ошого таянып, кыргыз тарап бул маселеде аягына чыгышыбыз керек.

Болгария Башкы прокуратурасынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн “Азаттыкка” маалымдашкандай, Хоменюкту кармоо чечимин Софиянын Видин райондук соту чыгарды. Канаданын кылмышка шектүү жараны алдыда София сотуна бул чечимди апелляцияга бере алат.

Хоменюк Centerra Gold, Kumtor Gold жана Cameco Corporation компанияларында жетекчилик кызматтарда иштеген. Ал 2008-жылы “Центерра Голддун” президенти кызматынан пенсияга жашы келгендигине байланыштуу кеткен болчу.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG