Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Украин прокуратурасы Януковичти суракка чакырды


Виктор Янукович
Виктор Янукович

Украинанын Башкы прокуратурасы мурдагы президент Виктор Януковичти 11-августка суракка чакырды. Чакыруу өкмөттүн расмий «Урядовый курьер» гезитине жарыяланды. Анда Янукович козголгон кылмыш ишиндеги тергөө жана процессуалдык амалдарды жүргүзүү үчүн чакырылганы айтылат.

Мунун алдында Януковичтин адвокаттары ал украин тергөөчүлөрүнө видео байланыш аркылуу көрсөтмө берүүгө даярдыгын билдирген. Бирок Башкы прокуратура мындай дистанциондук сурактан баш тартты.

2014-жылдын февралында бийликтен кулатылган Виктор Янукович өлкөдөн качып кетип, Орусиядан баш калка тапкан. Украинада ага каршы бир канча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Козголгон иштердин арасында мамлекеттик чыккынчылык боюнча да айыптоо бар.

27-июлда Киевдин Печер райондук соту Януковичтин ишин сыртынан карай берүүгө уруксат берген.

XS
SM
MD
LG