Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

Сариев кыргыз-казак бажы чек арасы эмки аптада ачыларын айтты


Кыргызстан үчүн Евразия экономикалык биримдигинин чек арасы эмки аптадан тарта ачылат. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев өкмөттүк жыйында билдирди.

Кыргызстандын ЕАЭБке кошулуусу боюнча келишимди Казакстан жактырып, чечим Евразия экономикалык комиссиясына жөнөтүлгөн.

“Комиссия аталган нотаны расмий каттаган соң, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү деп таанылып, чек аралар ачылышы керек. Бул жараян кийинки аптанын башында болот”, деп маалымдады Т.Сариев.

Буга байланыштуу өкмөт башчы тиешелүү органдарга чек араларды ачууга даярданууну жана жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Кыргызстандын биримдикке кирүү маселеси ага мүчө өлкөлөрдүн макулдугунун кечендешинен улам ушул жылдын май айынан бери созулуп келатат. (МТо)

XS
SM
MD
LG