Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Чарчаган ымыркайдын убалы кимге?


Бишкектеги №4 төрөткана
Бишкектеги №4 төрөткана

Бишкектеги №4 төрөтканада чарчап калган ымыркайдын ата-энеси дарыгерлерди күнөөлөп жатышат. Көз жарган келин дарыгерлердин кайдыгерлигинен улам уулун жоготуп алганын айтууда.

Бишкек шаарынын тургуну, 34 жаштагы Бүбүсайра Пусурова №4 төрөтканага 30-июль күнү түшкөн. Суусу кете баштаган келин төрөткананын патология бөлүмүнө жаткырылган. Ал жерде үч күн жаткандан кийин 2-августта аны операция жолу менен төрөтүү маалында наристеси чарчап калды.

Бүбүсайра уулунун өлүмүнө дарыгерлердин кайдыгерлиги, жетиштүү деңгээлде каралбагандыгы себеп болду деп эсептейт. Анын айтуусунда, үч күн бою суусу кетип жата берип, кийин төрөт бөлмөсүнө которгондо суусу түгөнүп, баланын киндиги түшүп кеткендиги белгилүү болгон.

- Убагында каралбай калдым. УЗИге тартып, суу канчалык кетип калганын карашкан жок. Бир да жолу креслого чыгарып текшерген жок. Үч күндөн кийин төрөт бөлмөсүнө которуп, төрөтүп алабыз дешкен. Анан бул жерге келгенде суу калбай калыптыр, баланын киндиги үзүлүп кетиптир деп, операция кылмай болушту. Такыр эле карашкан жок. Канча аялдар толготуп зар ыйлап, жерге соймолоп калганда гана алып чыгышат экен. Эми сотко кайрылып, көмүлүп калган баламды кайра чукуткум келбейт. Бирок башка аялдар мага окшоп кайгырбасын, жакшыраак каралсын деп жатам.

Бүбүсайра буга чейин Арча-Бешиктеги бейтапканада каттоодо туруп, ал жердеги адистин көзөмөлүндө болгон. Врач-гинеколог Жаннат Абдрахманова келин кош бойлуу учурунда өзүнүн да, ичиндеги ымыркайынын да ден соолугу жакшы болгонун, эч кандай кооптонууга негиз берген жагдайлар болбогонун айтат. Келиндин көз жарар маалы 10-11-августка белгиленгени менен эртерээк суусу кете баштаганы үчүн ал төрөтканага жөнөтүлгөн.

- Өзүнүн да, баласынын да ден соолугу жакшы жүргөн. Анан мага кабылдамага суусу кетип жатканын айтып келиптир. Андай учурда биз кош бойлууну үйдө кармай албайбыз. Тез арада төрөтканага жаткыруу керек. Талаптагыдай жаткыргам. Андан ары анын ден соолугу үчүн төрөткана жооп берет.

№4 төрөткананын башкы врачы Бурул Алмазбекованын айтуусунда, төрөткана кызматкерлери клиникалык протоколдун негизинде гана иштейт. Ага ылайык, суусу кете баштаган аялдарды толгоо келгиче үч күн күтүү керек. Бул учурда аял УЗИге түшүрүлүп, тийиштүү дары-дармектер берилип, курсактагы баласынын абалы атайын аппараттын жардамы менен текшерилип турат.

Башкы дарыгер 1-август күнү кечинде курсактагы баланын жүрөк кагуусу нормага ылайык 137 болгонун, бирок эртеси күнү 60ка түшүп калганын айтат. Мындан улам аны тез арада операция жолу менен чыгарып алуу чечими кабыл алынган.

- Суусу кетип, киндиги түшкөндөн кийин баланын башы ылдый такалып киндикти басып коюшу мүмкүн. Киндикти басканда кан айлануу бузулуп калат. Ошондон улам баланы аппарат менен текшергенде анын жүрөк кагуусу 60ка түшүп калыптыр. Тез арада баланын абалы начарлап баратканынан операция жасашкан. Бирок аны тирүү алып чыгууга үлгүрбөй калган. Операцияда бала чарчап калыптыр. Кош бойлуу аялдын суусу кеткен маалда айрым учурда киндиги түшүп калат. Анан толгоосу жок суусу кетип келген аялды биз креслодон кол менен карабайбыз. Клиникалык протокол боюнча эреже ошондой. Бул деген инфекция кирип кетпесин деген негиз менен каралган. Бул учурда креслого чыгарып кол менен текшерүүгө тыюу салынат. Ошондуктан үч күн биз аялдын абалына көз салып, таблеткаларды беребиз.

Адистин маалымдашынча, курсактагы баланын киндиги түшүп калып, анын кесепетинен тумчугуп чарчап калган учурлар жылына бир же эки жолу катталат. Бүбүсайранын ымыркайы бул жылы биринчи жолу катталган окуя болуп отурат.

Саламаттык сактоо департаментинин башкы акушери Раиса Асылбашева бүгүнкү күндө төрөтканалардагы кырсыктарды алдын алуу максатында түнү дагы барып дарыгерлердин ишин текшерген учурлар болорун айтып, соңку окуя боюнча дагы кызматтык иликтөөлөр жүргүзүлөрүн билдирди:

- Төрөттүн саны өсүп жатат, ал эми врачтар ошол эле штаттар менен иштеп жатат. Төрөт көбөйгөн сайын дарыгерлерге да оор келүүдө. Бир күндө 40-50 төрөттү кабыл алган 4-төрөтканага кыйын эле болуп жатат. Анын үстүнө бул төрөтканага бардык эрте төрөлгөн балдар, эненин ар кандай оорулары, кыскасы бүт патологиясы барлар барышат. Ошондуктан ал жерде ыр-чыр көп. Арыздануулар болот. Албетте азыркы окуяны карап чыгышыбыз керек. Балким чын эле акыр-аягына чейин жакшы карабай коюшту. Азыр эми так айта албайм. Балким чын эле ошондой туура эмес мамиле болгондур. Аны изилдеп, таап, ордуна келтирүү керек. Эгер биз жаап-жашырып, “сен жакшы, сен иштей бер” дегенде болбойт. Тартип деген тартип. Ал бардык жерде сакталышы керек.

Кыргызстанда төрөтканага байланыштуу аянычтуу окуялар маал-маалы менен орун алып келет. Июль айынын башында эле №2 шаардык төрөтканада жардам көрсөтүлбөй чарчап калды делген ымыркайдын окуясы коомчулуктун көңүлүн бурган. Анда окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн саламатык сактоо министри Талант Батыралиев өзү төрөтканага барган эле. Окуя боюнча түзүлгөн комиссия иликтөө иштеринен кийин төрөткананын жетекчилик кызматындагы дарыгерлер кызматынан алынган.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG