Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:19

Донбасстан Орусияга жыл бою 21 ирет “жүк-200” өткөн


Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Ростов облусундагы байкоочу тобунун жетекчиси Поль Пикар кабарлагандай, орус-украин чек арасынан “жүк-200” унаасы бир жыл ичинде 21 жолу Орусия тарапка өткөн. «Гуково» жана «Донецк» пункттарынан өткөн унаалар жабык болгондуктан, алардын ичинде эмне бардыгын байкоочулар биле алышкан эмес.

П. Пикар 2014-жылдын 1-сентябрынан ушул жылдын август айына чейин аскер формасындагы 20 миң адам Орусия тараптан Украинанын Донбасс аймагына өткөнүн, алардын так эсептеп чыгышканын ырастады. ЕККУ өкүлү белгилегендей, бул адамдар өздөрүн ыктыярчылар деп аташкан.

Донбасста орусиялыктардын күн алыс каза болуп жатканын буга чейин “Новая газета” да жазып чыккан. Укук коргоочулар Донбасста орус аскер кызматкерлери мерт болгон фактыларды бир нече ирет ырасташкан.

Батыш өлкөлөрү менен Украина Орусияны Донбасстагы жикчилдерди куралдар, аскер менен колдойт деп айыптаса, Москва андай кинени четке кагып, куралдуу жаңжалга тиешеси жоктугун билдирип келатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG