Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

Мырзакматовдун жакындары да айыпталууда


22-июлда Ош шаардык соту Мелис Мырзакматовду жети жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган.
22-июлда Ош шаардык соту Мелис Мырзакматовду жети жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган.

Ош милициясы Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун жакындарына иш козгогону маалым болду.

22-июлда Мырзакматовду жети жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмгө түшүндүрмө сурап, судьянын иш бөлмөсүнө Мелис Мырзакматовдун жакындары барган.

29-июль күнү Ош шаардык милициясы Ош шаардык сотунун судьясы Шералы Камчыбековдун билдирүүсүнүн негизинде соттук ишмердүүлүккө жолтоо болуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогону бүгүн, 7-августта белгилүү болду. Бирок азырынча кылмышка шектүү катары эч кимдин аты айтыла элек.

Шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков сотко басым жасоого мурунку мэр Мелис Мырзакматовдун жакындары катышканын ырастады.

- Ош шаардык ИИБине сот адилеттигин ишке ашырууга тоскоолдук кылуу фактысы болгону тууралуу билдирүү түшкөн. Ош шаардык милициясы ал билдирүүнү иликтөөгө алды. Учурда 22-июлда Ош шаардык сотуна баргандардын баарынын өздүгү аныкталды. Алар негизинен “Улуттар биримдиги” партиясынын өкүлдөрү, мурунку мэр Мелис Мырзакматовдун аялы жана бир туугандары болуп чыккан. Баштапкы иликтөөлөрдөн соң сот ишине жолтоо болуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Азырынча окуянын катышуучулары күбө катары суралып жатат.

Мырзакматовго карата биринчи өкүмдү чыгарган Ош шаардык сотунун судясы Шералы Камчыбеков Мырзакматовдун тарапкерлеринин басымына кабылганын ырастоодо. Камчыбековдун айтымында, Мырзакматовдун тарапкерлери андан өкүмдү өзгөртүүнү талап кылышкан.

- 22-июлда иш күнү аяктагандан кийин саат сегиздер чамасында Мырзакматовдун тарапташтары келишкен. Алар "эмнеге мындай мыйзамсыз өкүм чыгардыңар? Ал өкүмдү кайра карап чыккыла!" деген талаптарды айтышты. Бирок мен аларга “чыгарган өкүмгө наразы болсоңор облустук сотко кайрылсаңар болот”, – деп түшүндүрдүм. Буга алар каршы болуп, өкүмдү кайра карап, өзгөртүп берүүмдү талап кылышты. Анан бул окуя боюнча тийиштүү органдарга билдирүү бердик.

Мырзакматовду жети жети жылга камоо өкүмү чыккан күнү Ош шаардык сотуна баргандардын арасында шаардык кеңештеги "Улуттар биримдиги" фракциясынын лидери Рысбек Мирзаматов да бар болгон.

Рысбек Мирзаматов Мырзакматовдун жакындары менен кошо сотко барып, андай өкүмдүн чыгышына түшүндүрмө берүүнү талап кылууда кылмыштуу эч нерсе жок деп эсептейт.

- Бул боюнча кылмыш иштин козголушу өзү туура эмес. Анткени биз Ош шаардык сотуна иш убактысы бүткөндөн кийин барганбыз. Ал жерде Мелис Мырзакматовго карата анын тарапташтары катыштырылбаган сотто кандайча өкүм чыкканын түшүндүрүп берүүсүн гана сураганбыз. Бул боюнча бизде аудио, видео далилдер да бар. Ошондон кийин биз 22-июлда Ош шаардык соту чыгарган өкүмдүн мыйзамсыз экени боюнча билдирүү таратканбыз. Ал эми облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылганбыз.

Ал эми жактоочу Айсалкын Карабаеванын айтымында, Мырзакматовдун жакындары судья Камчыбековдун иш бөлмөсүнө барганга чейин эле сот өкүмү окулганын, ага эч ким тоскоол болбогонун айтууда.

- Судья Камчыбеков 22-июлда кечки саат бештер чамасында Мелис Мырзакматовго карата эч кандай тоскоолдуксуз, өзү айткандай мыйзам чегинде мыйзамсыз өкүмүн чыгарган. Аны видеого да тарттырган. Ага эч ким тоскоол болгон эмес. Ал күнү Мелис Мырзакматовдун соту болорун Мелистин туугандары билген эмес. Сот Камчыбеков Мелистин туугандарына кабар берип, кечки саат сегизге чейин күтүп отурган. Аларды өзү чакырып алып, анын эртеси милицияга билдирүү жазып отурат.

Мелис Мырзакматовдун жакындары 22-июлдагы сотто айыпталуучунун тарапташтары катыштырылбай өткөнүн жүйө келтирип, шаарык соттун өкүмүн мыйзамсыз деп билдирүү таратышкан болчу.

XS
SM
MD
LG