2015-жылдын 8-11-августунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Чүй, Нарын жана Ысык-Көл басейндериндеги дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
8-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда бир аз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 19...24, күндүзү 30...35;
Таласта түнкүсүн 12...17, күндүзү 28...33;
Баткенде түнкүсүн 15...20, күндүзү 29...34;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 19...24, күндүзү 30...35;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 12...17, күндүзү 21...26;
Нарында түнкүсүн 9...14, күндүзү 23...28;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 1...6, күндүзү 8...13.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн акырында бир аз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүзү 32…34 градус болушу күтүлөт.