Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Аскадан кулаган альпинисттердин сөөгү мекенине жөнөтүлдү


Бул тууралуу “Азаттыкка” Batken Travel Service туристтик компаниясынын жетекчиси Жунусбек Каразаков билдирди.

Маалымдалгандай, Баткендеги Геревшин тоосундагы мелдеште Москвалык үч альпинист аскадан кулап набыт болушкан.

Алар коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан кырсыкка туш болушканы маалымдалды. Курман болгондордун сөөгү 7-августта мекенине жөнөтүлдү.

Орусиялык альпинисттер таймашы Баткенде ушуну менен экинчи ирет өтүүдө. Ага аймактын географиялык шартынын ыңгайлуулугу өбөлгө түзөт. Таймашты Орусиянын альпинисттер федерациясы уюштурган. (JsA)

XS
SM
MD
LG