Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:35

Кабулдагы жардыруудан 15 киши набыт болду


Ооган бийликтери кабарлагандай, Кабул шаарындагы 7-августтагы жарылуудан 400дөй адам жабыркап, кеминде он беш адам мерт кетти. Жабыр тарткандардын баары жайкын тургундар экенин Ооганстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Вахидулла Майар тастыктады.

Полиция билдиргендей, жардыруучу заттар салынган оор жүк ташуучу унаа Сийах Санг районунда Коргоо министрлигинин имаратынын алдында жарылган.

Жарылуудан бир нече имараттар, анын ичинде турак жайлар жана дүкөндөр талкаланган. Полиция кызматкерлери районго жүк ташуучу автоунаалар менен кирүүгө тыюу салды.

Жардыруу жоопкерчилигин азырынча эч ким ала элек.

БУУ 5-августтагы өзүнүн баяндамасында Ооганстандагы чыр-чатакта аялдар менен балдардын набыт болушу жана жаракат алышы көбөйүп жатканын белгилеген. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG