Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Казакстан: жол кырсыгында төрт кыргызстандык мерт кетти


Казакстандын Жамбыл облусундагы автокырсыкта төрт кыргызстандык мерт кетти. ӨКМ кабарлагандай, кырсык 7-августта Алматы-Екатеринбург унаа жолунда катталды. Маалым болгондой Астана-Чымкент маршруту менен бараткан “Сетра” автобусу «Тойота Ипсум» унаасы менен бетме-бет кагышкан. Натыйжада “Тойотанын” айдоочусу Ош облусунун тургуну Д. Эркабаев мерт кетти. Мындан башка Жалал-Абад облусунун үч тургуну кырсыктан өлдү. Ал эми “Сетра” автобусундагы жүргүнчүлөр арасында өлүм катталган жок.

ӨКМдин маалыматында дагы үч кыргызстандык жаракат алып, Приозерск шаарынын борбордук ооруканасына жаткырылды. Учурда жол кырсыгында мерт кеткендердин сөөгүн Кыргызстанга алып келүү жолдору каралууда, ал эми тийиштүү органдар кырсыкка күнөөлүү деп шектелген айдоочу Нуржан Байтореевди камакка алуу маселесин карашууда.

Ушул жылдын 19-апрелинде да Казакстандын Алматы-Екатеринбург жолунда бараткан кыргызстандыктар кырсыкка кабылып, 16 киши каза тапкан. Каза болгондордун үчөө балдар болгон.(SDz)

XS
SM
MD
LG