Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

Жамбылдагы төрт өмүрдү жалмаган кырсык


Алматы-Екатеринбург унаа жолундагы кырсык.
Алматы-Екатеринбург унаа жолундагы кырсык.

Казакстандын Жамбыл облусундагы автокырсыкта төрт кыргызстандык мерт кетти. ӨКМ кабарлагандай, кырсык 7-августта Алматы-Екатеринбург унаа жолунда катталды.

Алдын ала маалым болгондой, Казакстандын Жамбыл облусунда Астана-Чымкент маршруту менен бараткан “Сетра” автобусу «Тойота Ипсум» унаасы менен бетме-бет кагышкан. Натыйжада “Тойотанын” айдоочусу жана Жалал-Абад облусунун үч тургуну кырсыктан өлгөн.

Кыргызстандыктар “Тойота Ипсум” кичи автобусунда болушкан. Маалым болгондой, тийиштүү органдар кырсыкка күнөөлүү деп шектелген айдоочу Нуржан Байтороевди камакка алуу маселесин карашууда.

Бүгүн, 8-августта унаа кырсыгына кабылган кыргызстандыктардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү боюнча премьер-министр Темир Сариев ӨКМге тапшырма бергени кабарланды. Министр Кубатбек Боронов абал боюнча өкмөт башчыга маалымат берип, мерт кеткендердин жана жаракат алгандардын тек-жайы аныкталганын билдирди.

Жол кырсыгында төрт мекендеш өлүмгө кабылган. Алар:

1) «Тойота Ипсум» унаасынын айдоочусу, Ош облусунун 1988-жылы туулган тургуну Д. Эркебаев;
2) Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну Гүлүмкан Молдалиева;
3) Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну Исламбек Жаанбаев;
4) Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун жашоочусу Гүлбайра Атамирзаева.

Ошондой эле үч жүргүнчү ар кандай даражадагы жаракат алып Приозерск шаарынын борбордук ооруканасына жаткырылды. Алар:

1) Канатбек Адылбек уулу (Ош облусу);
2) Акжол Батыркулов (Жалал-Абад облусу, Сузак району);
3) Гүлзина Жусуп кызы (Ош облусу).

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Элмира Шерипова каза тапкандардын сөөгүн мекенге алып келүү боюнча атайын топ жөнөп кеткенин маалымдады:

- Министр Кубатбек Боронов абал боюнча өкмөт башчыга маалымат берип, мерт болгондордун жана жаракат алгандардын тек-жайы аныкталганын кабарлады. Учурда уюштуруу иштери жүргүзүлүп, атайын топ жөнөп кетти. Ал эми жараат алгандар Приозерск шаарынын борбордук ооруканасына жаткырылды. Азырынча алардын абалы туурасында маалымат жок.

Премьер-министрдин тапшырмасына ылайык, кырсык болгон жерге «Мерседес-Спринтер» унаасы жөнөтүлгөн.

Казакстанда кыргызстандыктар кабылган жол кырсыгы биринчи жолу катталган жери жок. Төрт ай мурда, 19-апрелде Орусияга бараткан кыргызстандыктар түшкөн автоунаа Казакстандын Жамбыл облусунун аймагында кырсыктап 16 адам мерт болуп, анын үчөө балдар экени кабарланган. Ошол учурда алардын айрымдары Орусияга иштегени бараткан мигранттар экени да маалымдалган.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев бул жолу да алар мигранттар болушу мүмкүн экенин айтууда.

- Биз болгону кырсык болгону туурасында кыскача гана маалымат алдык. Бул кырсык чет өлкөдө болуп жаткандыктан тергөө иштерин ошол тарап жүргүзөт. Бирок биздин маалыматтарга караганда, каза тапкандар мигранттар болушу мүмкүн. Анткени ушул аймакта болгон кырсыктарга көбүнчө кыргызстандык мигранттар кабылат.

Узак жолго чыгарда айдоочунун тажрыйбасы маанилүү

Коопсуздук боюнча адис Мелис Амирашевдин айтымында, узак жолдо чыккан кезде жүргүнчү айдоочунун тажрыйбасына карашы керек.

- Көбүнчө жеке таксилерге түшүп жатышпайбы. Автоунаанын техникалык жагы өзүнчө суроо жаратат. Жапжаш эле жигиттер узак жолго чыгып жатпайбы. Анан чарчаганда көзү илинип кетип, ала салып кетишүүдө. Алыс жолго автоунаа менен аттангандарды түшүнсө болот, жол кире арзан. Бирок коопсуздук деген керек да.

Анткен менен адистердин баамында, акыркы кездери машине менен Орусияга сапар тарткандардын саны көбөйгөн. Жумасына эки жолу Кыргызстан-Москва унаа жолу менен каттаган айдоочу Уланбек Мамразаков анын себептерин мындайча түшүндүрдү:

- Жүргүнчүлөр автоунаага түшсө, чек арадан паспортун гана көрсөтүп өтүп кетишет. Поездде улам текшере берип тажатышат да. Автоунаанын дагы бир жакшы жери биз канча жүк болсо да салып кете беребиз. Бирок чынын айтыш керек, Караганда, Жамбылдын жолдору аябай эле начар. Анткени ал трассалар кууш. Анан катуу ылдамдык менен менен айдап келе жатканда маңдайдан дагы бир автоунаа капысынан чыкса, сүзүшүп кетишиң ыктымал. Ал жерлерге жеткенде жаш айдоочулар абайлап айдашы керек.

Автоунаа менен узак жолго аттануу канчалык опурталдуу экенине карабай, жүргүнчүлөр автоунааны тандашат. Орусияда соода менен алектенген Назира аттуу мигрант да ”Ош” базарында Орусияга каттачу айдоочулар менен жол акысын сүйлөшүп жатыптыр. Маекке тартканыбызда, ал учак билетин 20 миң сомго сатып алгандан көрө, автоунаага 6000 сом төлөгөнү оң экенин жашырбады.

-Эми биз да шартыбызга карайбыз да. Мурда деле ушундай эле автоунаага түшүп алып барып келчүмүн. Орусияда иштеп жатканыма бир жыл болуп калды. Ушул убакыт ичинде экинчи ирет ушинтип кетип жатышым.

Үч-беш суткага чейин созулган жолдун узактыгына карабай Орусияга каттагандар поезд же Самара, Уфа, Казан өндүү шаарларга 6000 -7000 миң сомдун тегерегинде жол кире төлөшөт. Каттап жаткан кичиавтобустар көбүнчө фирмаларга таандык. Ошол учурда жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна эч кандай жазма түрүндө кепилдик берилбейт. Ушундан улам коопсуздук жаатындагы адистер узак жолго чыгарда жарандар өмүрүн тобокелге салбай, жок дегенде тажрыйбалуу айдоочулардын автоунаасына түшүүгө кеңеш беришет.

XS
SM
MD
LG