Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:00

Мургабды cуу каптады


Катуу жааган жамгырдан улам Тажикстандын этникалык кыргыздар жашаган Мургаб районунун Ранкол айылында суу ташкыны болуп, 15 үй жана мечит ураган.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Мургаб районунун тургуну Замир Назармамбетов билдирди.

Мындан тышкары 70ке жакын короо жай кооптуу абалда калды. Мургаб-Ранкол жолу буулуп, Тажикстандын Чукул кырдаал кызматы убагында жардам көрсөтө алган эмес. Аталган кызматтын жолдо бараткан автоунаасын да суу алып кеткен.

Бактыга жараша адамдар арасында өлүм болгон жок. Азыркы убакта мамлекет тарабынан чатырлар тигилип, жардам берилип жатат. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG