Бишкек шаардык мэриясы "Ата-Түрк" багында 500 адамдын катышуусунда ишембилик өткөрдү. Шаар мэри Кубанычбек Кулматовдун айтуусунда, шаар багындагы аянттар көрккө келмейинче жума сайын ишембилик өтүп турмакчы. Иш-чарада таштандылар алынып, кургап калган бактар кыйылды. Ага “Зеленстройдун” техникалары тартылып, шаардык бир катар кызматтын жетекчилери, кызматкерлери катышты.
Мындан башка эгемендүүлүк майрамына карата Ала-Тоо аянтындагы мрамор комплексин жууп-тазалоо иштери башталды. Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Ала-Тоо аянтындагы мрамор имараттары курулгандан бери бир да жолу жуулган эмес. 31-августка чейин, Мамлекеттик тарых музейи жана Улуттук филармониянын имаратынын тышын жууп тазалоо планга кирди.
Капиталдык курулуш башкармалыгы имараттар жаңы технологиянын негизинде тазаланып жатканын кошумчалайт. (SDz)