Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:37

“Курманжан Датка” Казандагы кино сынакка катышат


Татарстандын борбору Казан шаарындагы XI мусулмандар киносунун фестивалында “Курманжан датка” 700 тасманын арасынан тандалып алынды. "РИА Новости" агенттиги маалымдагандай фестивалда 25 мамлекеттин 50 фильми көрсөтүлөт. Жалпысынан толук жана кыска метраждуу, даректүү, анимациялык тасмалар калыстардын сынагына коюлат.

Фестиваль 2005-жылдан бери Татарстан президентинин колдоосу астында өтүп келет. Мусулмандар кино фестивалы 2010-жылга чейин “Алтын минбар” деп аталып келген. (SDz)

XS
SM
MD
LG