Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:23

Чаткалдыктар Кичи Чаарат кенинин жетекчиси менен жолугат


Бүгүн боло турган жолугушууда райондун эли кен казган компаниянын 70% жергиликтүүлөр иштешин талап кылышат. Чаткалдын тургуну, кенди текшерген комиссиянын мүчөсү Замирбек Келдибаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, 6-августта жергиликтүү депутаттар, айыл тургундары менен бирге комиссия түзүп, Кичи-Чаарат кенине барышкан. Натыйжада ишканада 266 кытай жана 100гө жетпеген жергиликтүүлөр иштегени аныкталган. Келдибаев кошумчалагандай, алтын кенде 40 кытай жараны мыйзамсыз иштегени тастыкталды.

Мындан улам жергиликтүү тургундар компания жетекчилери менен жолугушуп, маселени көтөрүшмөкчү. Эгерде талаптар аткарылбаса, чаткалдыктар кендин ишин токтотууга бара турганын Замирбек Келдибаев айтып өттү.

Кичи Чаарат жеке компаниясы 2012-жылдан бери кен казат. Компанияны У Ся Ган башында турган кытайлык инвесторлор иштетет. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG