Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:10

АКШ соту талиптер менен согушкан мурдагы совет офицерин күнөөлүү деп тапты


Совет армиясынын мурдагы офицери Илгиз Хамидуллин талиптердин катарында 2009-жылы Ооганстандагы АКШ армиясына кол салганы үчүн күнөөлүү деп табылды. Виржиния штатындагы сот жараянында 55 жаштагы Хамидуллинге 15 айып тагылып, анын ичинде террористтерге материалдык жардам көрсөтүлгөнү айтылды.

Хамидуллин АКШнын жарандык сотунда соттолгон биринчи ооганстандык туткун. Ал өмүр бою абакка кесилүү алдында, өзүнүн күнөөсүн моюнуна алган жок. Ага карата сот өкүмү 6-ноябрда чыкмакчы.

Совет армиясынын мурдагы танкисти 1980-жылдары Ооганстандын “Талибан” кыймылынын катарына кошулган. 2009-жылы оогандык чек ара кызматына жана америкалык аскерлерге кол салуу учурунда туткунга түшкөн.

АКШга экстрадиция кылганга чейин Хамидуллинди беш жылдай Баграмдагы аскердик-аба базасындагы абакта кармашкан. Тергөөдө маалым болгондой, Хамидуллин согушкерлердин үч тобунда жетекчилик кылган. Анын согушчандары 2009-жылы оогандын чек ара кызматына кол салып, ошол эле учурда АКШнын тик учмаларын аткылоого буйрук берген.

Хамидуллиндин жактоочулары сот жараяны башталгандан бери анын күнөөсүз экенин айтып, мурдагы совет офицерин аскер туткуну деп келишет. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG