Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:32

Радио журналист түз эфирде өлтүрүлдү


Бразилиянын коррупцияга каршы атайын программаларды чыгарган радионун журналисти Глейдсон Карвало түшкү түз эфир учурунда өлтүрүлдү.

8-август күнү Бразилиянын борбор шаарындагы Radio Liberdade FM радиосунун студиясына эки куралчан киши кирип барып, эфирди алып барып жаткан журналистти эки жолу башка, бир жолу жүрөккө атышкан. Журналист ооруканага жетпей жан берген. Бул тууралуу аталган радио кабарлады. Жергиликтүү полиция кылмыш ишин козгоду.

Глейдсон Карвало өлкөдөгү коррупцияга каршы макалалары менен таанылган эле. Ага мамлекеттик чиновниктер ал тургай түз эфир учурунда да телефон чалып, опузалап турган деп маалымдады Radio Liberdade FM. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG