Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:31

Дүйнөлүк банк Грузияга 60 миллион доллар бөлдү


Грузиянын аймакты өнүктүрүү долбооруна Дүйнөлүк банк 60 миллион доллар бөлдү. Каражат Мцхета-Мтианети жана Самцхе-Джавахети аймактарына которулат. Дүйнөлүк банк ушуну менен үчүнчү жолу аймактык долбоорлорго акча бөлүүдө. Каражат коммуналдык, туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшалмакчы.

Грузиянын Финансы министрлигинен билдиришкендей, долбоордун колдоого алынышы менен инвестиция тартылып, жеке сектор өнүгүп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзүлөт. Долбоордун ишке ашышын Грузиянын муниципалдык өнүктүрүү фонду көзөмөлгө аларын “Вестник Кавказ” порталы жазып чыкты. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG