Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

Кырсыктаган Акжол Батыркуловдун абалы оор


Жол кырсыгында жабыркап, Казакстандын Приозерск шаарындагы ооруканада жактан Акжол Батыркуловдун абалы оор бойдон калып жатканын «Жеңил жардам» коомдук фондунун өкүлү Динара Аляева маалымдады. Өзүнүн Фейсбук баракчасына ал казакстандык дарыгерлерге шилтеме берип жазган маалыматында, Акжол Батыркуловдун абалы оор болуп, учурда анын жакын туугандары менен байланышуу мүмкүн болбой жатканын белгилеген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жабыркаган Акжол Батыркулов Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну. Аны менен чогуу кырсыкка кабылган дагы эки мекендеш Казакстандын ооруканасына жаткырылган.

7-августта Алматы-Екатеринбург жолунда Астана-Чымкент маршруту менен бараткан “Сетра” автобусу «Тойота Ипсум» унаасы менен бетме-бет кагышкан. Натыйжада “Тойотанын” айдоочусу жана Жалал-Абад облусунун үч тургуну набыт болгон. (SDz)

XS
SM
MD
LG