Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:07

Орусия Ислам мамлекетине каршы күрөшкө Сирияны кошууга кызыкдар


Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавровдун ырасташынча, президент В. Путиндин Ислам мамлекети тобуна каршы аракеттерди координациялоо сунушу жакында Катарда өткөн АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен сүйлөшүүдө талкууланды.

С. Лавров Сирия аскерлеринин Ислам мамлекетине каршы урушуна байланышкан маселелердин баарын сүйлөшүүлөр аркылуу талкуулоо зарыл деп билдирди. Орусия тышкы иштер министри АКШ Сирия өкмөтүн Ислам мамлекетинин согушкерлерине каршы күрөшүү боюнча эл аралык планга аралаштырууга “даяр эмес”, деген пикирде.

Жолугушууда Орусия АКШнын Сирия президенти Башар Асаддын өкмөтүнө каршы күрөшүп жаткан оппозицияга абадан колдоо көргөзүү чечимине тынчсызданып жатканы билдирилди.

С. Лавров Б. Асаддын өкмөтү химиялык куралдардын бир бөлүгүн жашырып калган деген маалыматтарды четке какты. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG