Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Ирактын премьер-министри реформаларды убада кылды


Багдад шаарындагы демонстрация. 7-август, 2015-жыл.
Багдад шаарындагы демонстрация. 7-август, 2015-жыл.

Хайдар ал-Абади өкмөттүн чыгымдарын азайтуу жана коррупцияга каршы күрөшүү үчүн вице-президент жана вице-премьер-министрлердин кызмат ордун жоюуну сунуш кылууда. Ал ошондой эле өкмөттүк кызматтарды саясий партиялар жана диний тайпалар ортосунда бөлүштүрүү практикасын токтотуу демилгесин көтөрдү.

Абадинин өкүлү кабарчыларга билдиргендей, өкмөт мүчөлөрү премьердин реформа боюнча сунуштарын колдоду. Эми сунуш парламентте жактырылуусу керек.

Ирактын бийлигинде азыр үч вице-президенттин жана үч вице-премьердин кызмат орду каралган. Маселен мурдагы премьер-министр, Абадинин саясий атаандашы Нури ал-Малики учурда вице-президенттин кызматын ээлейт.

Ушул айдын башында энергетика тармагын тейлеген вице-премьер Баха ал-Араджи мурдагы премьер ал-Маликинин өкмөтүн 2004-2014-жылдары мунайдан түшкөн кирешенин жана эл аралык жардамдын бир триллион долларын ыксыз короткону үчүн айыптаган эле.

7-август күнү өлкө боюнча миңдеген ирактыктар мээ кайнаткан ысыкка карабай, коррупцияга жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн абдан начардыгына нааразылык билдирип чыгышкан.

Ирактын рухий лидери, аятолла Али ал-Систани да ошол эле күнү премьер Абадини өкмөттөгү коррупцияга көңүл бурууга чакырды. (UE)

XS
SM
MD
LG