Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:00

Өзбекстан: концерттеги трагедия боюнча комиссия түзүлдү


Үргөнчтүн паркындагы көпүрөгө концерт көрүү үчүн чогулгандар.

Үргөнчтүн паркындагы көпүрөгө концерт көрүү үчүн чогулгандар.

Үргөнч шаарында адам өмүрүн алган кырсыкты иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзүлгөнү президент Ислам Каримовдун администрациясынын билдирүүсүндө айтылат.

Концерттеги кырсыктан канча адам өлгөнү боюнча расмий маалымат азырынча айтыла элек. Бейрасмий эсептерге караганда, кеминде он эки адамдын өмүрү кыйылып, жаракат алган ондогон киши ооруканага түшкөн.

8-август күнү кечинде Үргөнч шаарынын эс алуу паркындагы көлдүн ортосундагы көпүрөнүн тосмосу кыйраган. Ал кезде эс алуу паркында жергиликтүү таанымал ырчы Навруз Сабировдун концерти өтүп жаткан болчу.

Күбөлөрдүн айтымында, кырсыкта жабыр тарткандардын көбү концерт көрүү үчүн чогулган балдар. Бир нече адам дайынсыз жоголгону да кабарланууда. Мындан улам 9-август күнү Үргөнчтүн паркындагы көлдө жоголгондорду издөө иши улантылды. Көпүрөнүн курулушуна тиешеси бар бир нече адам кармалганы да маалымдалды. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG