Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

Бажы бекеттеринин ачылышына эки өлкөнүн президенттери катышат


Мамлекеттик бажы кызматы Кыргызстан ЕАЭБнын курамына расмий киргенден баштап, кыргыз-казак чек арасындагы сегиз өткөрмө бекет ачыларын маалымдоодо. Бул жумада ачылары күтүлүп жаткан чек аралардын биринде бажы бекеттеринин ачылышына арналган салтанат болот.

Ага эки өлкөнүн өкмөт башчылары катышуусу күтүлүүдө. Ал эми президенттер Ысык-Көлдөн туруп уруксат беришет. Анткени бажы бекеттеринин ачылышы казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстанга жасалчу сапарына туш келүүдө.

Ачылуучу сегиз бажы бекетинин жетөө машине, ал эми бирөө темир жол көзөмөл бекети. Эми чек аралар ачылса, Кыргызстан экономикалык интеграциянын толук кандуу мүчөсү болуп, ЕАЭБнын эрежелери менен жашай баштайт. Ага ылайык эми биримдиктин аймагында товар, капитал, эмгек күчү жана кызмат көрсөтүү эркин болот. Кыргыз эмгек мигранттары Орусия жана Казакстанда жеңилдиктерди алышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG