Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:11

Тоодо жараланган орусиялык альпинисттер Ошко жеткирилди


Баткенде Ак-Сай капчыгайында тоого чыгып баратып жараланган 4 орусиялык альпинист тик учак менен Ош шаарына жеткирилди. Бул тууралуу 10-августта Коргоо министрлигинен кабарлашты. Cпортчулардын экөө денесинен жаракат алган. Окуя деңиз деңгээлинен 4 чакырым бийиктикте мөңгүнүн этегинде болгон.

Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, жарадар болгон жана мерт кеткен альпинисттерди түшүрүүгө МИ-8 тик учагы пайдаланылат. Ушуну менен август айында 3, ал эми жыл башынан бери 30 куткаруу операциясы аткарылды. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG