Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Сариев: 12-августтан тарта Кыргызстан ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү болот


Кыргызстан 12-августтан тарта Евразия экономикалык биримдигине толук укуктуу мүчө болуп, кыргыз-казак чек арасы ачылат. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев бүгүн билдиргенин "Азаттыкка" анын маалымат катчысы Бакыт Асанов кабарлады.

"Ак-Жол" бекетиндеги салтанатка телеконференция байланышы аркылуу президенттер Алмазбек Атамбаев жана Нурсултан Назарбаев күбө болот.

Премьер-министр Темир Сариев бул окуяны 2011-жылдан бери жүрүп келген интеграциялык жараяндын маанилүү жыйынтыгы экенин белгилеп, өлкө экономикасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга шарт түзүлөрүн билдирди.

- Бул күндөн тарта Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр менен “төрт эркиндик”, башкача айтканда, жумушчу күчү, капитал, товарлар жана кызмат көрсөтүүнүн эркин жүгүртүлүшүнө мүмкүнчүлүк алат. Жарандар, ишкерлер жана өлкө тышында эмгектенип жүргөн мигранттар үчүн бир катар жеңилдиктер камсыз кылынат, -деди Темир Сариев. (RK)

XS
SM
MD
LG