Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Оргочор айылында жол кырсыгынан эки адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Каракол - Бишкек унаа жолунун 28-чакырымында 9-августтун кечинде “Хонда-Одиссей” жана “Фольксваген-Гольф” унаалары сүзүшкөн. Эки жүргүнчү: 36 жаштагы Нурбек Оторбаев жана 41 жаштагы Райхан Субакунов ошол жерден мерт кеткен. Кырсыктын себептери териштирилүүдө. (RK)