Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:05

Сариев Полтавкадагы окуяга жол бергендерди жоопко тартууну тапшырды


Өкмөт башчы Темир Сариев Жайыл районунун Полтавка айылындагы жаңжал боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүп, окуяга катышкан жана ага жол бергендерди жоопко тартууну тапшырды. Премьер-министрдин маалымат катчысы Бакыт Асановдун айтымында, Темир Сариев бул сыяктуу окуялар мамлекеттин биримдигине шек келтирерин белгилеп, мындай кайталанбашы үчүн күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын тартышы керектигин айтты.

- Жаңжалды уюштургандар мыйзамда көрсөтүлгөн жазага тартылышы зарыл. Ошондой эле мындай окуяга жол берген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги каралат. Бардык аймактардагы мамлекеттик органдарга бул жаатта түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырамын, - деди Темир Сариев.

Учурда өкмөт башчынын тапшырмасы менен коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин көзөмөлү алдында окуяга себеп болгон жагдайлар жана күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча иш жүрүп жатат.

8-августка караган түнү Полтавка айылында он чакты бала сегиз үйдүн айнегин талкалап салган. Буга жабыр тарткандар менен кармалгандар ортосундагы пикир келишпестик себеп болгону маалымдалган. Айыптуу деген шек менен 7 адам кармалып, кийин алар тосмо арыз түшкөнүнө байланыштуу кайра кое берилген. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG