Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Диний ишеними үчүн аскерден калууга уруксат берилди


Кыргызстанда диний ишеними курал кармоого уруксат бербеген жарандар эми аскерге барбай койсо болот. Мындай мыйзамга мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун бүгүн президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мыйзам долбоору парламентте 29-июнда кабыл алынган.

Диний ишеними курал пайдаланууга жана аскерде кызмат өтөөгө жол бербеген, катталган диний уюмдун мүчөсү болгон жарандар армиянын ордуна мамлекетке акчалай төгүм төлөөгө милдеттүү болот.

Мыйзамдын демилгечиси, депутат Майрамкүл Тиленчиева мурдараак "Азаттыкка" интервьюсунда "айрыкча бул мыйзам "Жахабанын күбөлөрү" уюмуна таандык экенин айткан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG