Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:40

Президент Гани Кабулдагы жардырууга Пакистанды айыптады


Ооган полициясы бомба жарылган жайды текшерүүдө. Кабыл, 10-август 2015.
Ооган полициясы бомба жарылган жайды текшерүүдө. Кабыл, 10-август 2015.

Бийликтердин маалымдашынча, автоунаадагы жанкечти Кабул аба майданынын полиция бекетинде бомба жардырып, 5 адам өлүп, 16 адам жарадар болгон. Жабыркагандардын саны дале такталууда. Ички иштер министрлиги курман болгондордун арасында полициячылар да бар экенин ырастады.

Талиптердин өкүлү Забиулла Мужахид чабуулду уюштурушканын тастыктады.

7-августта Кабулдагы бомба чабуулунан 51 адам өлүп, 300 адам жарадар болгон.

Ооган президенти Ашраф Гани кийинки чабуулдар үчүн Пакистанды күнөөлөдү. “Соңку күндөр биздин адамдарды өлтүрчү жанкечтилерди машыктырчу лагерлер жана бомба жасоочу ишканалар Пакистанда мурдагыдай эле активдүү экенин көрсөттү”,-деди 10-августтагы брифингде президент Гани.

XS
SM
MD
LG