Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Пакистанда дагы беш бачабаз кармалды


Сексуалдык жактан кордолгон балдардын аталары "Ройтерстин" кабарчысына маек берүүдө. Пенжаб провинциясынын Хусайин Хан вала кыштагы. 9-август 2015
Сексуалдык жактан кордолгон балдардын аталары "Ройтерстин" кабарчысына маек берүүдө. Пенжаб провинциясынын Хусайин Хан вала кыштагы. 9-август 2015

Пакистан полициясы балдар менен жыныстык катнашка барган жана бачабаздыктары тартылган видеолорду таркаткан дагы беш кишини камакка алды. Ошентип бул иш боюнча бардыгы 12 адам кармалды.

Жабырлануучулардын адвокаты Латиф Ахмет Саранын билдиришинче, 25 адамдан турган кылмыштуу топ 280дей баланы видеого түшүргөн. Андай жүздөгөн тасмалар сатылган же балдардын ата-энелерин шантаждоо үчүн пайдаланылган.

10-августта Пакистан парламентинин Жогорку палатасы - Сенат балдарды кордоону айыптаган жана бейдабаларды жазалоого чакырган резолюцияны бир добуштан бекитти. Премьер-министр Наваз Шариф бачабаздарга каршы аёосуз чара көрүлөт деп убада кылды.

Сексуалдык кордук көргөн балдардын үй-бүлөлөрү видеодогу зөөкүрлөргө каршы чара көрүлбөдү деп, 4-августта полиция менен мушташкандан кийин окуя ачыкка чыккан.

XS
SM
MD
LG