Бул тууралуу вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 10-августта Жайыл районунун Полтавка айылынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Ал чогулган элге кайрылып, элдин биримдигин, тынчтыкты, коомдук тартипти бузууга жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды дүрбөлөңгө салууга жасалган аракеттерге жол берилбесин айтты. Маматалиев 7-август күнү Полтавкада чуу салып, башаламандык уюштургандардын баары жоопко тартылып, мыйзам алдында жооп беришерин кошумчалады.
Вице-премьер-министр мындай окуя кайталанбасы үчүн кырдаал күч кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдө экенин да бекемдеп, башаламандыктын келип чыгышына жергиликтүү бийликти жана күч кызматтарын айыптады.
Жолугушуунун аягында ИИМ жана УКМК жетекчилерине 7-августтагы окуя боюнча тыкыр иликтөөнү, күнөөлүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууну, жабыркагандардын мүлктөрүн калыбына келтирүү иштерин тездетүүнү тапшырды.
8-августка караган түнү Полтавка айылында он чакты бала сегиз үйдүн айнектерин талкалап салган. Буга жабыр тарткандар менен кармалгандар ортосундагы пикир келишпестиктер себеп болгону айтылган. Бул чууга байланыштуу жети киши кармалган.(ZKo)