Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:54

Кыргызстандыктар ЕАЭБ аймагында эркин иштөөгө жана жүрүүгө укук алышты


Бул тууралуу Кыргызстандын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмаз Асанбаев 10-августтагы маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, биримдиктин мыйзамдарына ылайык, кыргызстандык жарандар биримдикке мүчө өлкөлөрдө эч кандай квотасыз жумушка кирүүгө укуктуу. Мындан тышкары мурдагыдай тилди, ошол өлкөнүн мыйзамдарын, тарыхын жана маданиятын билүү сыяктуу талаптар да жок болот.

Алмаз Асанбаевдин бекемдешинче, кыргызстандыктар биримдиктин алкагындагы өлкөлөрдө отуз күнгө чейин каттоого турбай жүрө алышат. Мындан тышкары биримдиктин алкагында Кыргызстандын бардык окуу жайларынын дипломдору жарактуу болмокчу. Ар бир жаранга иштеген, окуган жеринде социалдык жактан камсыздоо каралган, алардын эмгек стажысы да сакталмай болду.

Кыргызстан ЕАЭБга толук кандуу мүчө болуп, 12-августтан тарта кирери айтылууда. Анткени бул күнү кыргыз-казак өкмөт башчыларынын катышуусунда чек арадагы бажы бекеттери алынат. Иш-чарага эки өлкөнүн президенттери Ысык-Көлдөн туруп, телекөпүрө аркылуу катышат.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG