Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:21

Түркиядагы полицияга кол салуулар күчөдү


Дүйшөмбүдө Түркиянын Ширнак провинциясында күрт согушчандары аскердик тикучакты аткылап, бир жоокер өлдү жана жетөө жарадар болду. Кийинчерээк Стамбулдагы АКШ консулдугуна кол салынган. Полиция консулдукка кол салгандардын бирин жарадар кылып, кийин колго түшүрдү. Ал аял экени маалымдалды. Ошол эле күнү Стамбулдун европа бөлүгүндө полиция участогунун жанында автоунаа жардырылган. Жардыруудан бир полициячы мерт кетип, жетөө жаракат алышты.

Кечке жуук Түркиянын түштүгүндөгү Силопи шаарында жолго коюлган минага кабылып, төрт полициячы өлдү. Бир полициячы оор жараат алды. Жергиликтүү медианын кабарлашынча, Силопиде акыркы күндөрү полиция менен күрт согушчандары ортосунда аткылашуулар болуп жаткан.

Бийлик бул иштердин артында тыюу салынган Күрт жумушчу партиясы турат деп эсептейт. Борбордук "Хюрриет” басылмасынын жазышынча, аскерлер жардырууларга тиешеси барларды издөөгө киришти.

Күрт жумушчу партиясы отуз жылдан бери Түркиянын түштүк-чыгышында көз карандысыз Күрт мамлекетин түзүүнү көздөп келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG