Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:14

Жалал-Абаддын имамдары алгачкы маяналарын ала баштады


Облус аймагындагы 120 мечиттин имамдары июль айынан тартып Ыйман фонду тарабынан берилүүчү маяналарды ала баштады. Бул тууралуу облустук казыяттын бөлүм башчысы Арпидин Жороев “Азаттыкка” билдирди. Анын сөзүнө караганда, мамлекеттик аттестациядан өткөн жана каттоодо турган гана мечиттин жана намазканалардын имамдары маяна алышат, калгандары кийинки аттестацияга даярдык көрүүдө.

Жалал-Абадда 600дөн ашык мечит болсо алардын 120сы каттала элек. Президенттин демилгеси менен түзүлгөн Ыйман фонду имамдарды аттестациядан өткөрүп, үстүбүздөгү жылдан тарта аларга айына 4800 сом өлчөмүндө маяна төлөп бере баштады.(RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG