Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Бачабаздыкка шектелген молдонун иши Жогорку Сотто каралат


Баланы зордуктоого шектелген молдонун иши Жогорку Сотто 17-августта каралат. Бул тууралуу бүгүн "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо кыймылынан кабарлашты. Жараян ачык болобу же жабык өтөбү, азырынча белгисиз. Жабыркаган тараптын кызыкчылыгын ушул уюмдун адвокаттары коргоодо.

2012-жылдын 10-июнунда Ош шаарындагы Кыргыз-Түрк медресесинде 9 жаштагы тарбиялануучусун зордуктады деген шек менен молдо Нурсейит Калыбай уулу кармалган.

2014-жылдын 28-октябрында Ош облустук соту ал психикалык жактан оорулуу деп таап, Кызыл-Жалдагы Республикалык психиатриялык ооруканада мажбурлап даарылоого чечим чыгарган.

Бирок анын оорулуу экени күмөн жаратып, жабыркаган тараптын талабы менен Нурсейит Калыбай уулун Чым-Коргондогу оорукананын психиатрлары дагы бир текшерген. Жыйынтыгында ал соо экени далилденген. Ошол экинчи экспертизанын корутундусунун негизинде иш быйыл 7-апрелде кайра тергөөгө жөнөтүлүп, ал материалдар 3 айдан кийин сотко өткөрүлгөн.

Бирок соттолуучунун адвокаты Гүлнур Жапаркулова ал психикалык жактан соо эмес экенин айтып, Чым-Коргондун корутундусун жокко чыгаруу суранычы менен Жогорку Сотко кайрылган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG